"Наристе" фестивалы: Боз үй тигүү балдардын кызыгуусун жаратты

Маданият Загрузка... 03 Июнь 2026 09:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. VI эл аралык "Наристе-2026" балдар фольклор фестивалынын катышуучулары үчүн "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада кыргыз элинин тарыхы, каада-салттары жана улуттук мурастары менен тааныштырууга багытталган маданий программа көрсөтүлдү.

Кыргыз боз үйүн тигүү боюнча мастер-класс катышуучулардын кызыгуусун жаратып, көчмөн маданияттын кылымдар бою калыптанган салттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

Мындан сырткары, катышуучулар асма жол менен жаратылыш парктын кооздугунуна суктанышты.

Белгилей кетсек, бул саякат ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана Кыргызстандын маданий, жаратылыш мурастарын эл аралык деңгээлде даңазалоого өбөлгө түздү.