Нарын шаарында 43 объект курулуп жана реконструкцияланып жатат

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2026 15:00
WhatsApp_Image_2026_xc7bWKt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалыматты президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып берди.

Өкүлдүн маалыматы боюнча, Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти, бул жүргүзүлүп жаткан иштердин көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө жол ачты. Учурда шаарда саламаттык сактоо мекемелери, спорт объектилери, социалдык инфраструктура объектилери жана негизги шаардык көчөлөр сыяктуу 43 объект бир учурда курулуп жана реконструкцияланып жатат.