Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалыматты президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып берди.
Белгилүү болгондой, Нарын районунда 2021–2025-жылдары жалпы суммасы 714,2 млн сомду түзгөн 40 объект ишке киргизилген, анын ичинде мектептер, фельдшердик-акушердик пункттар, бала бакчалар, спорттук объектилер жана мини-футбол аянтчалары бар.