Аска-зоо арасындагы жаңы жашоо: Зардалынын элине заманбап үйлөр курулат

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2026 18:00
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы менен Баткен облусунун алыскы Зардалы айылынын тургундары үчүн заманбап үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мурда жетүүгө алыс, адам саны аз аймактарга эч ким көңүл бурчу эмес.

"Ошол себептен шарты катаал, элинин саны аз аймактарга көңүл бурулбай, каралбай келген. Алардын бири Зардалы айылы. Бул аймакка президент Садыр Жапаров көңүл буруп, өзү барып эли менен жолугуп келгенден кийин, жашоочулардын өтүнүчтөрү орундалып, ишке ашып баштады.
Эзели жетпеген электр жарыгы берилди, уюлдук телефон байланышы менен бирге интернет туташтырылды. Аска-зоолуу кыялар менен унаа жолу курулду. Мурда унаа барбагандыктан, элдер ылай жана таш менен курулган үйлөрдө жашачу. Албетте, андай үйлөрдүн шарты жок, эптеп эле баш калкалоого жарачу. Мамлекет башчыбыз эми "элге заманбап үйлөрдү куруп бергиле" деп тапшырма берип, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди жиберди. Буюрса, жакынкы күндөрү Зардалы айылына заманбап үйлөр тургузулуп, жашоочулары киргизилет", - деп жазды ал.