Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Даймонд Резорт" комплексинин коттедждерин жана апарт-отелдерин куруу иштери убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө объектти салып жаткан “Эмма Курулуш” ЖЧКсы курулуш ченемдерин, техникалык регламенттерди жана мыйзам талаптарын толук сактабаганы аныкталган.
"Мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Курулуш объектиси мыйзамдык талаптарга толук ылайык келтирилмейинче, андагы бардык иштер токтотулду", — деп айтылат маалыматта.