Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен районунун аймактарында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Жаңы-Жер айылында сел жүрдү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сел суусу Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 222-чакырымын кесип өткөн сай аркылуу агып өткөндүктөн унаа жол убактылуу жабылган.
Ошондой эле катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдан улам айылдагы мөмөлүү дарактарга зыян келтирилген.
Ал эми Баткен шаарында сел суулары сел өткөрүүчү сайдан ашып, Кызыл-Дөң кварталындагы бир турак үйдүн жер төлөсүнө жана эки турак үйдүн короосуна кирген.
“Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы аймакта сел жүрүп бир катар турак жайларды жана социалдык мекемелерди суу каптап, электр энергиясын үзгүлтүккө учураткан.