Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Чоң-Алай райондук прокуратурасынын кийлигишүүсү менен ата-энесинин камкордугусуз калган эки баланын турак жайга болгон укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура ата-энесиз калган балдардын жер тилкелерин алуу укуктарынын сакталышын текшерген. Натыйжада эки баланын укуктары толук камсыздалбай, турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилбей келгендиги аныкталган.
Мыйзам боюнча (Балдар жөнүндө кодекстин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренеси), 16 жашка толгон жана жашоого үйү жок жетим балдар турак жай аянтын кезексиз алууга укуктуу.
Прокурордук көзөмөлдүн жыйынтыгында, Чоң-Алай районунун Шибээ жана Кара-Мык айылдарында жашаган балдардын ар бирине турак жай куруу үчүн 15 сотыхтан жер тилкелери бөлүнүп берилди.