Суу коргоо зоналарын мыйзамсыз ээлеп алууга жол берилбейт – министрлик

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2026 17:10
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Суу коргоо зоналарын мыйзамсыз ээлеп алууга жол берилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эскертти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Тоң районундагы Бүркүт каналынын суу коргоо аймагында көзөмөлдөө иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө суу коргоо тилкесин мыйзамсыз тосуп алган жарандар аныкталып, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам бузуу фактыларын жоюу жана тоскоолдук жараткан тосмолорду алуу боюнча актылар түзүлүп, жер ээлерине расмий эскертүүлөр берилди.

"Текшерүү учурунда жеринде болбогон жер ээлеринин мыйзамсыз ээлеп алган тилкелери видеого тартылып, алардын өздүгү такталууда. Аталган фактылар боюнча инспекторлор тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү",-деп айтылат маалыматта.