Нью-Делиде Кыргызстандын эл аралык демилгелери тааныштырылды

Тышкы саясат Загрузка... 20 Декабрь 2025 13:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тарабынан дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Индияда аккредитацияланган Африка мамлекеттеринин, КМШ өлкөлөрүнүн жана Латын Америкасынын дипломатиялык миссияларынын башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Кыргызстандын БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин, ошондой эле туруктуу өнүгүү, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, превентивдүү дипломатияны илгерилетүү маселелериндеги активдүү позициясын белгиледи.

Кабыл алуунун алкагында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктарына, ошондой эле БУУнун алкагындагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына, анын ичинде тынчтык жана өнүгүү, климаттык күн тартиби жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган презентациялык материалдар жана видеороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чара конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, Кыргызстандын дүйнөнүн ар кыл аймактарындагы өнөктөштөрү менен диалогду чыңдоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.