Нью-Йоркто аномалдуу ысыктан улам асфальт эрий баштады

Дүйнө Загрузка... 03 Июль 2026 10:50
new-york_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Американын Нью-Йорк шаарында аптаптуу ысыктан улам асфальт эрий баштады. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, бейшемби күнү абанын температурасы 38 градуска жеткен. Бийликтин божомолунда, мындай аптаптуу аба ырайы (нымдуулукту эсепке алгандагы сезилген температуранын индекси 44 градуска чейин жетип) ишемби күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Аномалдуу ысыктан улам шаардын айрым көчөлөрүндө асфальт жумшарып, эрий баштаган. Асфальттын үстүнкү катмары ушунчалык бошогондуктан, аны атүгүл кол менен да оңой эле козгоп, зыян келтирүүгө болот.