Японияда күчү 6 баллдан ашкан жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 03 Июль 2026 12:08
caption.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Япониянын түштүк-батышындагы Кумэ жана Мияко аралдарынын аймагында 6,1 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук метеорология башкармалыгына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу океандын түбүндө жайгашкан. Учурда анын так тереңдиги аныктала элек.

Бийлик цунами коркунучу жок экенин маалымдап, жер титирөөдөн олуттуу кыйроолор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө электигин билдирди.

Белгилүү болгондой, Кумэ жана Мияко аралдарында көптөгөн курорттук мейманканалар жана башка туристтик объектилер жайгашкан. Ошондой эле Мияко аралында Япониянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик базасы бар.