Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Конгодо Эбола вирусунун 1406 тастыкталган учуру катталып, анын ичинен 438 адам каза тапты. Бул тууралуу Казинформ Синьхуага шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, 192 бейтап айыгып, дагы 609 бейтап дарылануусун улантууда.
Эпидемия Итури, Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларында дагы эле басымдуулук кылууда, ал жерде байкоо жүргүзүү, медициналык жардам көрсөтүү аракеттери жүрүп жатат.
Өкмөт тез жардам унааларын жайгаштыруу, дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын жеткирүү, байланышты жана коомчулукту мобилизациялоо иштери аркылуу вируска жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү күчөтүлүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Конгодо май айынын ортосунда Эбола эпидемиясы жарыяланган. Өткөн аптада Францияда Эбола вирусун жуктуруп алган биринчи учур катталган.