Окумуштуулар мээнин эрте картаюусунун негизги себептерин аташты

Дүйнө Загрузка... 06 Апрель 2026 16:00
WhatsApp_Image_2026_qtGzqLJ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Окумуштуулар айлана-чөйрөнүн булганышы менен социалдык теңсиздиктин айкалышы мээнин картаюусун тездетерин аныкташты. Бул тууралуу Lenta.ru агенттиги Nature Medicine журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына таянып билдирди.

Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар 34 өлкөдөн дээрлик 19 миң адамдын маалыматтарын талдап чыгышкан. Алар абанын булганышы, климаттык шарттар, медициналык жардамга жеткиликтүүлүк жана социалдык колдоо сыяктуу 73 түрдүү фактордун таасирин баалашкан.

Натыйжада бул факторлордун биргелешкен таасири мээнин картаюусундагы өзгөрүүлөрдү ар бир факторго караганда өз-өзүнчө 15 эсе жакшы түшүндүрөрү аныкталган. Айрыкча терс шарттар бири-бирине кошулуп, таасирин күчөткөндө эң чоң натыйжа байкалат.

Абанын булганышы, жогорку температура жана жашыл аймактардын жетишсиздиги сыяктуу физикалык факторлор мээнин түзүлүшүнө, өзгөчө эс тутум жана эмоцияларга жооп берген бөлүктөрүнө таасир этет. Ал эми социалдык шарттар жакырчылык, теңсиздик жана узакка созулган стресс көбүнчө когнитивдик функцияларга, жүрүм-турумга жана эмоцияны жөнгө салууга күчтүүрөк таасир берет.