Окуу китептерин сатып алууга 68,55 млн сом бөлүнгөн – Виктория Мозгачева

Билим Загрузка... 21 Июль 2025 18:40
WhatsApp Image 2025-07-21 at 18.34.57.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Окуу китептерин сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 68,55 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 30-июлга чейин райондук билим берүү башкармалыктары окуу китептерин сатып алуу боюнча “Учкун” типографиясы менен келишим түзөт.

“Бизге Агартуу министрлигинен окуу китептеринин тизмеси келген. Эми ага ылайык, бардык керектүү окуу китептерин алабыз”, - деди ал.