Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Худжанддагы иш-чара менен Орто Азиядагы үч улут өзүнүн улуулугун жана акылмандыгын көрсөттү. Мындай пикирин президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, философия илимдеринин доктору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, эки өлкө таарыныч, түшүнбөстүктүн барын артка таштап, келечек үчүн арканды алыска таштады.
“Бизден Израиль менен Палестина, керек болсо Россия менен Украина да өрнөк алышсын. Дипломатиялык жол менен терең жана татаал чек ара чырларын жөнгө салганды дүйнө жүзү бизден үйрөнсүн. Шүгүр дейли, таарыныч, түшүнбөстүктүн барын тарыхка таштап, келечек үчүн арканды алыска таштадык. Акылмандыгыбыз ушунда! Илгери үмүт менен байыркы Орто Азияда бакубат, өнүккөн, тынчтыкты даңазалаган мамлекеттерди кура берели”,- деди Акматалиев.
Белгилей кетсек, саясат таануучу сыйласаң, сый көрөсүң, карым-катнаш бул эки тараптуу жолу бар чоң магистраль, кошуна менен тынч жашаганды үйрөнүшүбүз зарыл, алар да ошого умтулушу керек деген пикирин билдирди.
“Эмомали Рахмон биздин өлкөгө жакында келгенде "шаан-шөкөт менен тосуп алды, эмне кереги бар эле" деп нааразы болуп, эки элдин ортосунда “от жаккысы” келгендер да бар эле арабызда. Эми биздин президент Садыр Жапаровду Худжандда кандай тосуп алышканын көрүп, жанагы биздин "от жаккычтар" кандай ойдо калышты деген ойдомун”,- деди ал.
Ошондой эле саясат таануучу кичинекей облустук борбор болгон Худжанд шаарында үч өлкөнүн президенттеринин жолугушуусун жогорку деңгээлде өткөргөндүгүнө тажик кошуналарга баа бергендигин кошумчалады.
“Азамат экен, бул жергиликтүү бийлик үчүн жана Тажик өкмөтү үчүн чоң сыноо жана милдет болду көрүнөт. Президенттердин эң маанилүү жана тарыхый жолугушуусун ушундай жогорку деңгээлде өткөрүү - бул оңой иш эмес. Ынтымагыбыз арта берсин”, - деди Алмазбек Акматалиев.