Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында курулуштарды бузуу иштери улантылууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, айрым турак жайлар менчик ээлери тарабынан өз ыктыяры менен бузулууда, ал эми жолдун курулушуна тоскоолдук жараткан объекттер шаардык кызматтар тарабынан мыйзам чегинде буздурулууда.
"Учурда Ош шаарынын мэриясынын атайын комиссиясы кенемте төлөп берүү маселесин карап жатат. Биринчи этапта үйү толук түрдө бузулган жарандарга кенемте каралган. Жарандарга Эне-Сай жаңы конушунан даяр турак жай же аталган аймактан жер тилкеси берилүүдө. Ушу тапта үйү бузулган жарандар жаңы жайга көчүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кенемте төлөө тартиби мыйзамга ылайык, ачык-айкын жүргүзүлөт. Жарандардын укуктары толук сакталат.