Ошто теннис боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өтүүдө

Спорт Загрузка... 07 Май 2026 16:38
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Ош шаарында теннис боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын теннис федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештер 4-майдан 8-майга чейин өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Гонконг, Индия жана Өзбекстандан келген 60ка жакын спортчу катышууда. Жаш теннисчилер жеке жана жуптук разряддарда биринчилик үчүн күч сынашат.

“Турнирдин максаты — балдар жана өспүрүмдөр теннисин өнүктүрүү болуп саналат. Мындай мелдештерге катышуу оюнчулардын кесиптик жактан өсүшүнө жана оюн тажрыйбасын топтоосуна жардам берет. Турнир жыл сайын өтүүчү макамга ээ болду, ошондой эле сентябрь айында республикалык өспүрүмдөр чемпионатын өткөрүү пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Федерация ошондой эле келерки аптада Ысык-Көлдүн жээгинде ITF жана ATF колдоосу астында эл аралык турнирлердин чоң сериясы башталарын белгиледи.