Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. 16-сентябрда, саат 10:00дө «Кабар» маалымат агенттигинде «Санариптик сот адилеттиги: Кыргыз Республикасынын сот системасынын жаңы кадамдары» аттуу маалымат жыйыны өтөт.
Катышуучулар – сот тутумун санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Узакбаев Азамат Насырович — Жалал-Абад облустук сотунун судьясы;
- Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары;
- Жунушалиева Индира Акимжановна — Сузак райондук сотунун судьясы;
- Кенжетаева Нурайым Анарбековна — Сокулук райондук сотунун судьясы.