Россиянын элчиси ЖККУнун алкагындагы Кыргызстандын уюштуруу иштерин жогору баалады

Тышкы саясат Загрузка... 12 Сентябрь 2025 17:07
1732803064.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуунун алкагындагы даярдык иштеринин деңгээли жогору болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Элчи белгилегендей, Кыргызстанда, атап айтканда, Ысык-Көлдүн аймагында болгон сапарлардын жана сүйлөшүүлөрдүн графиги өтө тыгыз болгонун белгиледи.

"Май айында Володин келип, ЖККУнун парламенттер аралык консультациялары өттү, андан кийин коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы, тышкы иштер министри, өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин координациялык кеңешинин катышуучулары чогулду. Мында даярдыктын деңгээли кынтыксыз болду, уюштуруучулук жагынан Кыргызстандын ролу чоң. Иштелип чыкпаган маселелер болгон жок, график сакталды, экономиканын жана эң негизгиси элдин абалына чындап таасир тийгизе турган өтө маанилүү маселелер көтөрүлдү", - деди ал.