Садыр Жапаров Ат-Башы районун өнүктүрүү келечеги менен таанышты

Президент Загрузка... 24 Июнь 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.

Райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.

2021-2025-жылдар аралыгында Ат-Башы районунда жалпы суммасы 910,9 млн сомдук 17 объект ишке ашырылганы белгиленди. Алардын катарында эки мектеп, беш бала бакча, эки спорт залы, жети административдик имарат, ошондой эле асфальт-бетон заводу курулуп, пайдаланууга берилген.

Жол инфраструктурасы жаатында олуттуу иштер аткарылды. Отчеттук мезгилде 68 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүп, эки көпүрө курулуп, жол-эксплуатациялык ишканалардын эки участогу ачылды.

Ирригация системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул максаттарга 61,5 млн сом багытталган. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Сары-Гоо насостук станциясы реконструкцияланып, көлөмү 1 млн куб метр болгон Чет-Келтебек он күндүк жөнгө салуучу бассейнинин курулушу, ошондой эле Ичке-Таш-Рабат, Чекенди жана Сары-Тал ирригациялык каналдарынын курулушу жүрүүдө.

Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери чечилүүдө. Кара-Суу, Жибек-Жолу, Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарындагы тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууга 705,5 млн сом жумшалды.

Презентация учурунда райондун өнүгүшүнө кошумча түрткү берүүчү келечектеги демилгелер сунушталды. Сунушталган долбоорлордун жалпы наркы 885 млн сомду түзөт.

Алардын арасында Калкты тейлөө борборунун, санариптик борбордун, кардиология борборунун, мал чарбачылыгын комплекстүү өнүктүрүү станциясынын, Ат-Башыдагы заманбап мал базарынын, борбордук стадиондун, ошондой эле үй-бүлөлүк эс алуу паркынын курулушу бар.

Презентациянын жыйынтыгын чыгарып жатып, президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дээрлик 1 млрд сом талап кылынарын белгиледи. Мамлекет башчысы акыркы жылдары республиканын көптөгөн райондоруна инфраструктураны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө олуттуу каражаттар, анын ичинде 1 млрд сомго чейин бөлүнгөндүгүн баса белгиледи.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы келерки жылы республикалык бюджеттен Ат-Башы районуна 1 млрд сом өлчөмүндө кошумча каржылоо караштырууну тапшырды.