Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди. Ал акыркы жылдары аймактын бюджетинин олуттуу өскөндүгүн, мамлекеттик каржылоонун көлөмү көбөйгөндүгүн, ошондой эле калктын айлык акысын, пенсияларын жана социалдык төлөмдөрүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи.
Андан ары президент Ат-Башы районун өнүктүрүү маселелерине токтолуп, өнөр жай, жол куруу, социалдык чөйрө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда оң динамика байкалганын айтты.
“Райондун өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 4,5 эсеге өскөн. Район боюнча 2021-2025-жыл аралыгында 44 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылы 31 чакырым жолго асфальт басуу иштери пландалыптыр, бул иштер жыл аягына чейин толук аткарылат деп ишенем. Акыркы жылдары жол тармагына өзгөчө көңүл буруп келе жатабыз, атайын жол тармагына 19 техника алып бердик”, - деди Садыр Жапаров жана көйгөйлүү делген Ат-Башы – Өзгөрүш, Ат-Башы – Ак-Муз айыл аралык унаа жолдору жакынкы жылдары толук бүткөрүлөрүн, Ак-Моюн – Талды-Суу көпүрөсүнүн курулушу башталарын кошумчалады.
Мамлекет башчысы бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн сапаттуу медициналык тейлөө канчалык маанилүү экенине токтолду. Ал акыркы жылдары айылдык ден соолук пункттары жаңыланып, фельдшердик-акушердик пункттардын материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканын билдирди. 5 жыл аралыгында Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 5 унаа, анын ичинде 2 тез жардам унаасын, 22,6 млн сомдук медициналык жабдыктар алынып берилди.
Президент өз сөзүндө мамлекет тарабынан аймактардагы билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Ат-Башы районунда үстүбүздөгү окуу жылынын башталышы менен балдарыбызга билим берип жаткан 486 мугалим ноутбук менен камсыздалды. Ал эми жалпы облус боюнча 2978 ноутбук берилди.
“Калкыбыздын санынын көбөйүшү менен район аймагында 5 жыл аралыгында 2 мектеп жана 5 бала бакча курулуп ишке берилсе, быйылкы жылы 2 бала бакчанын, 1 мектептин кошумча корпусунун курулушу жүрүп жатат. Ак-Муз жана Ак-Жар айылдарына бала бакча куруу долбоорлору даярдалууда”, - деди Садыр Жапаров.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселесине токтолгон Мамлекет башчысы сугат суусу менен камсыз кылуу өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Райондо сугат жерлердин жалпы аянты 32 миң гектарды түзөт.
“Сугат суу көйгөйүн чечүү багытында 2021-2025-жылдары 107 млн сом бөлүнүп Шамбет, Ача каналдары салынды, 20 млн сомдук атайын техникалар берилди жана айыл өкмөттөрүнө тиешелүү 172 чакырым канал Суу чарба башкармалыгына баланска алынды.
Казыбек айылындагы суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан алынган 19 млн сомдук насыяны мамлекет тарабынан төлөп берүүгө кошумча каражат бөлүнгөндүгүн айта кетейин. Сары-Коо насостук станциясын реконструкциялоо, Чет-Келтебек участкасына 1 млн кубдук БСР куруу, Чекенди, Сары-Тал, Ичке-Таш-Рабат каналдарын куруу боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди мамлекет башчысы.
Президент Ат-Башы районунда 19 айылдын 17си таза суу менен камсыздалганын кошумчалады. Бүгүнкү күндө Ат-Башы, Ак-Жар айылдарына 689 млн сомдук долбоор менен таза суу системасын куруу иштери башталды. Буга чейин таза суу менен камсыз болгон айылдардагы таза суу системаларын жаңылоо багытында 3 айылда долбоорлор иштеп жатат, бул иштер жылда пландуу негизде жүрө берет.
“Өзүңүздөргө маалым, 2024-жылдан тарта жыл сайын өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айланттык. Быйыл дагы 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалган. Өткөн жылы Ат-Башы районунда жаңы асфальт завод жана алтын казган чакан ишкана ачылган. Буюрса, өнөр жай ишканаларынын жыл сайын көбөйүшү менен жергиликтүү бюджетке кошумча каражаттар түшкөндөн тышкары, жумуш орундары да пайда болуп, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу жакшы жагына өзгөрөт”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Жыйынтыктап жатып, президент мамлекет калкты социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканына токтолду. Тактап айтканда, “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында Ат-Башы районунун жүздөгөн үй-бүлөлөрү материалдык абалын жакшыртып, жеке ишкердигин ачууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө да колдоо көрсөтүлүүдө.
Мамлекет башчысы өлкөдө жаңы турак жай саясаты ырааттуу ишке ашырылып жатканын, анын аркасында миңдеген үй-бүлөлөр үй-жайлуу болушканын өзгөчө белгиледи. Ал жерлерди трансформациялоо маселелери чечилгенден кийин, Ат-Башы районунун тургундарынын турак жай куруу үчүн жер тилкелерине болгон муктаждыктарын канааттандыруу боюнча да чаралар көрүлөрүн айтты.
Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.