Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Президент Ат-Башы районун өнүктүрүү маселелерине токтолуп, өнөр жай, жол куруу, социалдык чөйрө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда оң динамика байкалганын айтты.
“Райондун өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 4,5 эсеге өскөн. Район боюнча 2021-2025-жыл аралыгында 44 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылы 31 чакырым жолго асфальт басуу иштери пландалыптыр, бул иштер жыл аягына чейин толук аткарылат деп ишенем. Акыркы жылдары жол тармагына өзгөчө көңүл буруп келе жатабыз, атайын жол тармагына 19 техника алып бердик”, - деди Садыр Жапаров жана көйгөлүү делген Ат-Башы-Өзгөрүш, Ат-Башы – Ак-Муз айыл аралык унаа жолдору жакынкы жылдары толук бүткөрүлөрүн, Ак-Моюн – Талды-Суу көпүрөсүнүн курулушу башталарын кошумчалады.