Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистан дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистандын Дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу башкармалыгынын (DRAP) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке кол коюу Пакистан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.
"Меморандум дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жөнгө салуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жөнгө салуучу маалымат жана тажрыйба алмашууга, фармакологиялык көзөмөлдү чыңдоого, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, биргелешкен окутуу иш-чараларын өткөрүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык медициналык продукциянын сапатын камсыз кылуу жана инспекциялоо багытында өз ара кызматташууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.