Сауд Аравия футбол боюнча дүйнө чемпионатынын билеттерин акысыз таратат

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2026 14:00
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Сауд Аравиясынын Футбол федерациясы АКШдагы өз күйөрмандарына алдыдагы дүйнө чемпионатынын бардык оюндарына акысыз билеттерди таратарын жарыялады. Бул тууралуу The Sun басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ агенттиги жазды.

Бул чечим Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) стадиондордун толбой калуу коркунучунан улам кооптонуусунан кийин кабыл алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда АКШ, Мексика жана Канадада старт ала турган турнирде билеттердин баасы өтө жогору болгондуктан, стадиондордун жарым-жартылай бош калуу тобокелдиги жаралууда. Маселен, Сауд Аравиясынын 16-июнда Майамиде Уругвайга каршы өтө турган алгачкы беттешине билеттер 3000 доллардан сатылып, бирок көбү өтпөй калган. Буга байланыштуу FIFA трибуналарды толтуруу үчүн акысыз билет таратуу схемасын жактырды.

Ошону менен бирге, FIFA билет сатуунун талаштуу тутумунан улам соттук териштирүүлөргө туш болду. Нью-Йорк жана Нью-Джерси штаттарынын башкы прокурорлору күйөрмандардын орундуктар жана баалар боюнча алданып калгандыгы тууралуу арыздарынан кийин тергөө иштерин башташты.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиясынын курама командасы учурда FIFAнын рейтингинде 61-орунда турат.