Сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү Бишкекте гүлдөдү

Экология Загрузка... 27 Март 2026 20:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кээде жаратылышты коргоо чоң-чоң программалар жана отчёттор аркылуу эмес, жеке бакчаларда тынч, дээрлик байкалбаган абалда ишке ашат. Баткендин сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү же илимий аталышында Эдуард чаар гүлү (Fritillaria eduardii) жаздын белгиси жана сулуулугу катары бүгүнкү күндө Бишкекте гүлдөп жатат. Бул тууралуу “ЭкоСтан” экологиялык платформасынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын ардагери Шейшенбек Байзаков гүлдү алгач жети эле түптөн өстүрүп баштап, бир нече жылдын ичинде түрүн дээрлик жетимишке чейин көбөйткөн. Каарманыбыз бул сейрек кездешүүчү өсүмдүктү илимий лабораториясыз, гранттык колдоосуз эле ырааттуу жана күжүрмөн эмгектин натыйжасында өстүргөн.

Айгүл гүлү өз түрүнүн өтө локалдуу таралган түрлөрүнүн катарына кирет жана негизги таралуу зонасынан обочолонгон ареалдын түндүк чек арасында жайгашкан. Орто Азияда ал чачыранды түрдө — Тажикстанда, Өзбекстанда, Афганистандын түндүгүндө, Кашмирде жана Кыргызстанда кездешет. Өлкө ичинде популяциясы чектелүү: сөз Түркстан кырка тоосундагы Айгүл-Таш боорундагы жана Лайли-Мазар капчыгайындагы эки жер тууралуу болуп жатат.

Мындай обочолонуу бул гүлдүн түрүн өзгөчө аялуу кылат. Айгүл гүлү эбак эле коргоого алынып, алгач СССРдин Кызыл китебине (1978), андан кийин Кыргызстандын Кызыл китебине (2004) киргизилген. Негизги коркунучтардын катарында — тар экологиялык орун, табигый кайра өнүүнүн төмөндүгү, мал жаюудан, бадалдарды кыюудан жана рекреациялык жүктөмдөн улам жашоо чөйрөсүнүн деградациясы бар. Кошумча фактор катары гүлдөрдү терүү, климаттык шарттардын, анын ичинде жаан-чачын режиминин өзгөрүшү калууда.

Ушул алкакта гүлдү өстүрүүдөгү ар кандай тажрыйбалар өзгөчө баалуу болууда. Эдуард чаар гүлү дүйнөнүн ботаникалык бактарында бир жарым кылымдан ашык убакыттан бери өстүрүлүп келе жаткандыгы белгилүү. Бирок, Кыргызстанда илимий коллекцияларда дагы деле сейрек кездешет жана көбүнчө энтузиасттардын аракети менен сакталып келет. Бишкектеги Айгүл гүлү өскөн бакчанын тарыхы мындай мисалдардын бири. Бул жөн гана кызыгуу эмес, иш жүзүндө сейрек кездешүүчү түрдү сактоонун альтернативдүү жолу.

Барган сайын жаратылышта көрүүгө мүмкүн болбой бараткан бул гүлдү, бүгүнкү күндө бир адамдын жеке демилгесинин аркасында шаардан кездештирүүгө болот.

Аталган гүлдүн “мекени” болгон Баткен облусунда бул өсүмдүктү коргоонун катаал чаралары иштеп жатат. Өсүмдүктүн негизги популяциясы топтолгон Айгүл-Таш ботаникалык коругу баргандар үчүн жабык: 2023-жылы киргизилген чектөө 2030-жылга чейин узартылды. Буга гүлдөрдү тебелөө жана терүүдөн улам алардын санынын кескин азайып кеткендиги себеп болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул чаралар натыйжасын бере баштады — Айгүл гүлү бара-бара калыбына келүүдө.