Климаттык каатчылык: Жылдын алгачкы жарымындагы дүйнөлүк апааттар

Экология Загрузка... 02 Июль 2026 18:00
acf98627-1853-4e2b-938a-9bb0b23b4d1a.png

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Глобалдык климаттык күн тартип өзгөрүү алдында турат. 2026-жылдын башынан бери дүйнө боюнча жүздөн ашык кыйраткыч жаратылыш кырсыгы катталып, алар миңдеген адамдын өмүрүн алып кетти. Дүйнөлүк экономикалык чыгашалар 50 млрд доллардан ашып, камсыздандыруу компаниялары кесепеттердин ордун жаба албай жатышат. Ал эми Түштүк Европа менен Африкадагы кургакчылык дүйнөдө азык-түлүктүн баасын жогорулатты. Тармактын адистери климаттык апаат мындан ары улам кайталанып турарын эскертип, алдын алуу жана жаңы шарттарга ыңгайлашуу чаралары сөздөн ишке өтүшү зарылдыгын белгилешүүдө.

2026-жылдын жай айлары дүйнө боюнча аба ырайынын эң эле катаалдыгы менен тарыхка киргени калды. Эл аралык маалымат базалары жана камсыздандыруу институттары (мисалы, EM-DAT жана Aon Climate Insight) тарабынан жыл башынан бери 130дан ашык ири табигый кырсык катталган. Булар адам өмүрүн алып, эбегейсиз чоң чыгашаларга алып келген катаклизмдер гана. Кубаттуу жаратылыш кырсыктарынын глобалдык экономикалык чыгашасы жылдын биринчи чейрегинде эле 50 млрд доллардан ашканы маалымдалууда.

WhatsApp Image 2026-07-02 at 17.48.28

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай" аталышындагы эл аралык конференцияда дүйнөдөгү экологиялык кырдаалга токтолгон.

1093536243_0_0_2935_1651_1920x0_80_0_0_cda283bd768fe02798586d8ca33cfb36.jpg

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда дүйнө климаттын өзгөрүшүнө, экстремалдык аба ырайынын шарттарына, табигый кырсыктарга, экосистемалардын деградациясына жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна кабылды. Анын айтымында, тоолуу өлкөлөр уникалдуу ресурстарга ээ болгону менен, аталган глобалдык процесстердин кесепеттерине өзгөчө дуушар болушат.

"Биздин конференция Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия өлкөлөрүн бириктирүүгө багытталган. Алар бири-биринен алыс болгонуна карабастан мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, Альп жана Анд тоолорундагы, Килиманджаро менен Гималайдагы, Памир-Алай менен Тянь-Шань, Кавказ менен Алтай жана башка тоо тутумдарындагы тоо экосистемаларынын деградациясы сыяктуу көйгөйлөргө туш болушууда. Буга ыкчам чаралар, макулдашылган аракеттер жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу талап кылынат", — деген Садыр Жапаров.
1762565212-13701928.fd52affa1db2ca1f769327b6061002f4

Адамдык жана материалдык чоң жоготууларга алып келген кырдаалдын себеби климаттын тездик менен ысышы жана Эль-Ниньо кубулушу экени айтылууда. Метеорологдор Тынч океандын тропикалык бөлүгүндөгү суунун ысышынан натыйжада Эль-Ниньо кубулушу башталарын, ал ноябрга чейин өкүм сүрөрүн жазында эле эскертишкен. Июндун орто ченинде ал күчүнө кирип, ансыз да бузулуп жаткан аба ырайын ого бетер козгоду. Натыйжада аптаптуу ысык, нөшөр жаан, суу ташкындар баштаган экстремалдуу кырдаалды жаратты.

Алсак, учурда Европа адаттагыдан 2 эсе ашык ысып, кооптуу күндөрдү баштан кечирүүдө. Францияда, Германияда, Италияда, Испанияда жана Улуу Британиянын түштүк бөлүктөрүндө температура адаттагы көрсөткүчтөрдөн 5-12 градуска жогорулап, 45 градуска чейин көтөрүлдү. Францияда акыркы эки жумада эле миңден ашык адам каза болду. Алардын басымдуу бөлүгү кары-картаңдар. Испаниядагы ысык июндан каза болгондордун саны 900гө чукулдады. Адистер континентте климаттык каатчылык кайра кайталануусу ыктымалдыгын эскертип жатышат.

WhatsApp Image 2026-07-02 at 17.50.36
"Бул ысык – репетиция. Европаны каптаган ашкере ысык бир жолку окуя эмес, кайра кайталануучу кризиске айланууда. Жылуулук тез-тез, узак жана күчтүү болуп баратат", — деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык директору Ханс-Анри Клюге.

Бул арада бир жума мурун сейсмикалык кыйраткыч кырсыкка кабылган Венесуэла учурда аза күтүүдө. Күчтүү 7,2 жана 7,5 баллдык катар келген жер титирөөлөр 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Издөө иштери дагы деле уланууда. 10 миңден ашык адам жаракат алып, миңдеген жарандар үй-жайынан айрылышты. Кырсыктын кесепеттери бул өлкө үчүн өтө оор болору күтүлүп жатат.

images (8)

Бул арада Азиянын абасы да 2 эсе тездик менен ысыды. Рекорддук ысык жай Япония, Кытай жана Кореяда байкалууда. Континенттин ар кайсы аймактарында нөшөр жаан себеп болгон суу ташкындары жүрүүдө, ал эми Жакынкы Чыгышта кургакчылык жана чаң бороондору күчөдү.

Борбор Азиядагы нөшөрлүү жаан-чачындар, сел, суу ташкындары токтой элек жана жер көчкү коркунучу күчөдү. Андыктан региондун өкмөттөрү климаттык кесепеттерине даяр туруусу керек. Эрте эскертүү системалары жана сезондук божомолдор жамааттарды жана экономиканы коргоо үчүн абдан маанилүү.

Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу көрүлө турган чаралардын башында алдын ала эскертүү системаларын өнүктүрүү, коопсуздугу камсыздоо, аялуу топторго кошумча колдоо көрсөтүү турат. Мындай иштер азыртадан эле адамдардын өмүрүн сактап калууда жана келечектеги табигый кырсыктарга даярдыктын милдеттүү бөлүгү болуп калышы керек.

WhatsApp Image 2026-07-02 at 17.51.53

Кыргызстандын Гидрометеорологиялык кызматынын жетекчиси Даурбек Сакыев дүйнөдө болуп жаткан климаттык окуялар табият кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана таасирдүү механизмдерди талап кылып жатканын белгиледи. Ал дүйнө элин климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу, катаклизмдердин алдын алуу иштери аркылуу тобокелдиктердин кесепеттерин азайта болорун айтат.

"Учурда планетада болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөр бул багыттагы глобалдык күн тартипти өзгөртөрү бышык. Баары бири-бири менен байланышта болуп жатпайбы. Европадагы ысык Борборк Азияга да таасирин тийгизүүдө. Бул жагдайлар изилденип, кийинки жылдары мындай экстремалдуу кырдаалдардын алдын алуу суроолору көтөрүлөт. Быйылкы температуралардын өзгөрүшү менен жыйынтык чыгарылып, чаралар көрүлөт. Мында кырсыктарды эрте кабарлоо системасын жакшыртуу бирден-бир механизм экенин белгилеп кетейин. Ошол эле учурда дүйнөлүк каржы уюмдарынын салымы өтө чоң. Анткени климаттык өзгөрүүлөргө каршы чараларга ири көлөмдөгү каржы талап кылынат. Ар бир өлкөнүн климаттык өзгөрүүлөргө карата улуттук, мамлекеттик адаптациялык пландары бар. Ошол эле убакта бул өзгөрүүлөрдү токтотуп калуу мүмкүн эмес. Бирок кесепетин жумшартсак болот. Учурда гидрометеорологиялык тармактар күчтөнүп, маалыматтарды 10-15 жыл алдын ала билүү ыкмалары киргизилип жатат. Ошондо адамзат кесепеттерине даяр турат", — деди Даурбек Сакыев.