Сөөк ашуусун жана "Каракол" паркын кайсы жапайы жаныбарлар байырлайт?

Экология Загрузка... 02 Июль 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Набу Кыргызстан

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жетим-Бел кырка тоосунун Сөөк ашуусуна жана "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркына 2025-жылдын октябрь айында орнотулган фототузактарга илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик жана каман сыяктуу жаныбарлар түштү.

Набу уюмунан билдиришкендей, орнотулган фототузактарды уюмдун "Мониторинг" бөлүмүнүн жана "Каракол" жаратылыш паркынын кызматкерлери 22-28-июнь күндөрү текшерип, маалыматтарды алып келишти.

Учурда фототузактар аркылуу алынган сүрөттөр анализденип, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы боюнча маалыматтар такталууда.

"Фототузактарды орнотуу – жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү ишинин алкагында аткарылат. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин сүрөттөрү алынып, учурда ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө натыйжалуу пайдаланылууда",-деп айтылат маалыматта.