Шамалды жарып өтүп, илбирсти токтоткон – кыргыз тайган жарышы

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 06 Июль 2026 18:00
39952063_1595472070557480_7219543551573491712_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан — бүркүт, шумкар, карчыга жана тайган аркылуу аңчылык кылуу салты бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган сейрек өлкөлөрдүн бири.

Байыркы убактарда жапайы жырткыч куштарды жана иттерди адамга кызмат кылууга үйрөтүү үчүн алардын мүнөзүн, жүрүм-турумун жана табигый мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билүү талап кылынган. Мындай аңчылык көбүнчө көңүл ачуу үчүн гана эмес, үй-бүлөнүн тиричилигин камсыз кылуу максатында да жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күндө тайган жарышы улуттук спорттун өзүнчө багыты катары өнүгүп жатат. Өлкөдө бул өнөрдү жайылтуу жана кыргыз тайганынын таза тукумун сактоо менен Кыргыз кумайык федерациясы алектенүүдө. Федерациянын негизги максаттарынын бири – кыргыз тайганын дүйнөгө таанытуу. Ал эми алдыдагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул багыттагы маанилүү этаптардын бири болмокчу.

Чыргага үйрөтүү – тайганды машыктыруунун байыркы ыкмасы

Федерация жетекчиси, тажрыйбалуу тайганчы Таалай Шүкүровдун айтымында, тайганды аңчылыкка даярдоо күчүк кезинен башталат.

Анын айтымында, байыркы мезгилде кыргыздар 2–3 айлык күчүктөрдү карышкырдын же түлкүнүн терисинен жасалган чыргага кызыктырып, аңчылыкка үйрөтүшкөн. Чыргага үйрөтүү – бул тайганды олжону кубалоого жана аңчылыкка машыктыруунун салттуу ыкмасы.

Ал эми бул ыкма бүгүнкү күнгө чейин сакталып, мелдештерде колдонулуп келет.

“Азыркы чырга жарыштары ошол байыркы аңчылык салтынын уландысы. Тайгандар түлкүнүн, карышкырдын, кашкулактын же чөөнүн терисинен жасалган чырганы 300–450 метр аралыкта кубалашат. Эркек жана ургаачы тайгандар өзүнчө таймашат. Илгери болсо салбуурун оюндары өткөрүлүп, тирүү түлкү коё берилчү. Тайгандар анын артынан кууп, олжону кармоо жөндөмүнө жараша бааланган. Ошондой эле алар жаш өзгөчөлүгүнө жараша жарышып, жеңүүчүлөр аныкталчу”, – деди Шүкүров.

Байыркы кыргыз тайганын калыбына келтирүү аракети

Федерация учурда кыргыз тайганынын тукумун сактоо жана жакшыртуу боюнча селекциялык иштерди жүргүзүүдө. Негизги максат – байыркы кыргыз тайганын калыбына келтирүү.

“Тарыхый маалыматтарда кыргыз тайганы өтө жүрөктүү, чыдамкай жана күлүк болгондугу айтылат. Ал илбирс менен карышкырды жалгыз токтото алган, түлкү, коён, элик, кийик сыяктуу жаныбарларды узак аралыкка чейин кууп жеткен. Өргө да, түзгө да бирдей чуркаган. Биз дал ушул сапаттарды кайра калыптандыруу үчүн селекциялык иштерди жүргүзүп жатабыз.
Ошондой эле келечекте кыргыз тайганын дүйнөлүк өз алдынча порода катары таанытуу да негизги максаттардын бири болуп саналат. Азыркы учурда ал аборигендик порода катары гана таанымал.
Башка өлкөлөрдөн айырмасы - биздин тайгандар түз жерден да, тоого да чуркап кете беришет. Ал тургай олжосун 20-23 чакырымга чейин кууп кете алышат. Ошондуктан, өтө жүрөктүү жана күлүк деп айтылат”, – деди федерациянын жетекчиси.

Эл аралык аренага чыгаруу аракеттери

Шүкүровдун айтымында, ушул убакка чейин кыргыз тайгандары негизинен Казакстандагы мелдештерге катышып келген. Быйыл күзүндө Кыргызстанда эл аралык мелдеш өткөрүү пландалууда.

“Дүйнөлүк деңгээлде грейхаунд жана салюки породасындагы иттердин жарыштары Сауд Аравиясы, АКШ, Германия жана Англия сыяктуу өлкөлөрдө өткөрүлөт. Биз дагы бул ишти эл аралык стандарттарга шайкеш келтирип, кыргыз тайганын дүйнөгө таанытууну көздөп жатабыз. Ал үчүн дагы 3-4 жылдай убакыт керектелет, – деди ал.

Көчмөндөр оюндарына канча тайган катышат?

Алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Талас жана Нарын облустарынан үчтөн тайган тандалып алынган. Алар жыл ичинде өткөрүлгөн мелдештерде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, улуттук курамга киришкен.

“Оюндарга даярдык көргөн тайгандар жайкысын күн сайын 5–10 чакырым аралыкка чуркап машыгышууда. Негизинен кыш мезгилинде иттер аңчылыкка чыгып, жырткычтарды кубалоо аркылуу тажрыйбасын арттырышат. Ал эми жарыштарда тирүү жаныбар эмес, атайын жасалган чырга (муляж) колдонулат. Аны ат же атайын техника сүйрөйт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тайган жарышынан тышкары кыргыз тайганынын таза тукуму боюнча көргөзмө дагы уюштурулат. Айрымдары ошого да даярдык көрүшүүдө. Ага да байгелүү орундар каралган”,-деди федерация башчысы.
WhatsApp Image 2026-07-06 at 14.53.43.jpeg

Андан сырткары, көчмөндөр оюндарына Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Германия, Венгрия, Беларусь, Украина жана башка өлкөлөрдөн катышуучулар келери күтүлүүдө.

Жаныбарларга болгон сүйүү жана чемпион тайгандар

Ал эми Таалай Шүкүров өзү 1996-жылдан бери тайганчылык менен алектенип келет. Ошондой эле бүркүт, куш жана ителги таптап, жаа атуу өнөрүн да өздөштүргөн.

“Тайганчылыкка кызыгуум 5 жашымдан башталган. Бул арада жаныбарлардын түрүн, ал тургай, карышкыр, түлкү жана чөөгө чейин колго үйрөтүп багып келдим. Азыр сегиз тайганым бар. Алардын арасында Мончок аттуу үч жаштагы ургаачы тайган бир нече жолу чемпион болгон. Учурда аны тукум алуу максатында жарыштарга эмес, аңчылыкка гана чыгарып жатам. Былтыр жана быйыл бирден күчүк тууду. Анын күчүктөрүн да таптап жатам. Андан башка дагы иттерим ар кандай мелдештерде байгелүү орундарды алып келишет”, – деди тайганчы.

Кыргыз тайганы – аңчы гана эмес, адамдын ишенимдүү шериги

Анын айтымында, тайгандар алгач карышкырдын териси менен ойнотулса, алты айлыгында аттын, сегиз айлыгында мотоциклдин артына сүйрөлгөн чырганы кубалоого машыгат. Орто эсеп менен 10 жашка чейин аңчылыкка жана мелдештерге пайдаланылып, андан кийин эс алууга чыгышат.

“Кыргыз тайганы адамга абдан жакын, бир кожоюнга бекем байланган, өтө сезимтал болушат. Ал ээсинин маанайын жакшы сезет. Жоош көрүнгөнү менен, керек учурда өтө кайраттуу болот. Кээде таарынып да калат. Мындан бир нече жыл мурун бир тайганымды урушуп койсом, айылдын башка тарабында жашаган бир тууганымдыкына кетип калыптыр. Бул анын абдан сезимтал экенин дагы бир жолу далилдеген.
Кыргыз тайганы – кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан белеги. Илгери ал үй-бүлөнү азык-түлүк менен камсыздоого жардам берген аңчы гана эмес, адамдын ишенимдүү шериги да болгон”, – деп жыйынтыктады Таалай Шүкүров.