Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. 10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындан улам калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө зарыл.