Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Стамбулдагы ТМУнун катчылыгында Япониянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Намадзу Хироюки менен жолугушту. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, анда башкы катчы жана министрдин биринчи орун басары ТМУнун алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелерди жана долбоорлорду, ТМУнун эл аралык жана аймактык уюмдар жана мамлекеттер менен болгон кызматташтыгын талкуулашты.
Ошондой эле алар ТМУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн Япония менен болгон мамилелери, үчүнчү тараптар менен кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.
Башкы катчы жана министрдин биринчи орун басары аймактагы жана андан тышкаркы жерлердеги кырдаалдын өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди да карашты.