Того министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Саясат Загрузка... 28 Апрель 2026 10:18
photo_5440393795372520607_y.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 28-30-апрелинде Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргызстанга расмий сапары болот.

Сапардын жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттардагы бир катар документтерге кол коюу каралган.

Бул сапар Кыргыз Республикасынын Африка континентинин өлкөлөрү менен кызматташтыгынын тарыхында эң жогорку деңгээлдеги биринчи сапар болот.