Түрк жумалыгы "Жибек жолундагы түрк дүйнөсү" аттуу сүрөт көргөзмөсү менен башталды

Түрк мамлекеттер уюму Загрузка... 13 Январь 2026 19:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Түрк мамлекеттер уюму

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Түрк жумалыгы Венада Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында "Жибек жолундагы түрк дүйнөсү" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи менен башталды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын операциялык ишмердүүлүк департаментинин өкүлү Бо Матиасен, ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана башка катышуучулар сөз сүйлөштү.

Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Жибек жолу бүткүл Евразиядагы маданияттарды, экономикаларды жана коомдорду бириктирген жалпы тарыхый жана цивилизациялык мейкиндик экенин баса белгиледи.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюму тарабынан өз ара байланыш, транспорт, сооданы жеңилдетүү жана элдер аралык алакаларды чыңдоо багытында ишке ашырылып жаткан демилгелер ушул тарыхый мурастын заманбап уландысы болуп саналарын айтты.

Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы жана Түрк академиясы тарабынан биргелешип уюштурулган бул көргөзмө Жибек жолунун боюндагы Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын, тарыхый тереңдигин жана географиялык биримдигин баяндайт.