Улуттук коопсуздук жана уюлдук байланыш: Санарип кодексине жаңы эрежелер кирди

Президент Загрузка... 03 Июль 2026 18:50
News_235617000.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Санарип кодекстин жоболору менен ыкчам-иликтөө жана контрчалгындоо ишин жөнгө салган түшүнүк аппаратынын жана функционалдык ченемдердин макулдашылгандыгын камсыздоо, ошондой эле укук коргоо жана атайын иш-чараларды санариптик трансформациялоо шарттарында мамлекеттик органдар менен телекоммуникациялык тармактын субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр каралган:

1) Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине терминдерди жана түшүнүктөрдү Санарип кодекске ылайык келтирүү;

2) "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" мыйзамына:

− терминдерди жана түшүнүктөрдү Санарип кодекске ылайык келтирүү;

− улуттук коопсуздук органдарына маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алууну жүргүзүү боюнча милдеттерди бекитүү;

− улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары тарабынан телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан ыкчам иликтөө иш-чараларын техникалык жактан жүзөгө ашырууну киргизүү;

− улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды телекоммуникациялык тармактарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө арналган санарип технологиялык тутумдарынын, санарип ресурстарынын жана атайын техникалык каражаттардын ээси катары аныктоо;

− атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө телекоммуникациялык тармактарды пайдалануу менен байланышкан милдеттерди телекоммуникациялардын операторлоруна жүктөө;

− телекоммуникациялардын операторлоруна өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен телекоммуникациялык тармактардагы атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо иш-чаралары боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон санарип технологиялык тутумдар, санарип ресурстар жана атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдарды камсыз кылуу боюнча милдеттерди бекитүү;

− өзгөчө абал режими киргизилген шартта же массалык башаламандыктар, куралдуу чыр-чатактар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуунун жана кайра улантуунун өзгөчө тартибин киргизүү;

− министрлер кабинети тарабынан мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санарип технологиялык тутумунда колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген мобилдик түзүлмөлөрдүн бардык эл аралык идентификаторлорун милдеттүү түрдө идентификациялоонун тартибин аныктоо;

3) "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамына:

− терминдерди жана түшүнүктөрдү Санарип кодекске ылайык келтирүү;

− атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө телекоммуникациялык тармактарды пайдалануу менен байланышкан милдеттерди телекоммуникациялардын операторлоруна жүктөө;

− министрлер кабинети тарабынан телекоммуникациялардын операторлорунун контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо;

− өзгөчө абал режими киргизилген шартта же массалык башаламандыктар, куралдуу чыр-чатактар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуунун жана кайра улантуунун өзгөчө тартибин киргизүү;

4) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамына өлкө аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттөө жаатындагы ишти лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн эсебинен чыгаруу.