Бишкек, 25.10.25. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өзүнүн кылымдык тарыхында 192 миңден ашык бүтүрүүчүнү Кыргызстандын ар кайсы тармактарына адис катары даярдады. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык мааракеде сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө улуттук университетте 30 миңден ашык студент билим алат.
“Бул студенттердин ичинен 1,5 миңдейи сырттан келген студенттер. Белгилүү болгондой, жаңы тиешелүү жарлык менен Нарын, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринин улуттук университетке кошулуусу менен бардыгы 45 миң студент болот. Ал эми окуу жайда бардыгы 3 миңден ашык кызматкерлер анын ичинде 2 миң 200 окутуучу эмгектенет. Алардын арасында 570 илимдин кандидаты, 180 илимдин доктору, 4 академик, 6 мүчө-корреспондент, 2 Кыргыз эл баатыры жана бир олимпиада чемпиону бар”, -деди ректор.
Эскерте кетсек, бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусу менен белгиленди.