Ысык-Атадагы бала бакчада иштебеген 6 адамга маяна төлөнүп келген

Укук тартиби Загрузка... 22 Июнь 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-06-22 at 14.49.35.jpeg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз маяна төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан "Бала-Кербен" атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган.

"Аталган бала бакчанын жетекчилиги 2024-жылдан бери жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана маяна тизмелерине иш жүзүндө иштебеген 6 адамды жалган түрдө киргизип келишкен. Аларга эмгек акы эсептеп, олуттуу өлчөмдөгү акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы такталды", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.