Ысык-Көлдүн түбүнөн 760 кг таштанды жана катамаран чыгарылды

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кезектеги тазалоо иштери Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында көлдүн түбүнөн болжол менен 760 килограммга жакын ар кандай тиричилик таштандылары чогултулуп, жээкке чыгарылды.

Таштандылардан тышкары чөгүп кеткен бир катамаран табылып, ал дагы жээкке сүрүлүп чыгарылды.

ӨКМ бардык жарандарды жана эс алуучуларды жаратылышка аяр мамиле жасап, Ысык-Көлдү булгабоого чакырат.