Ташкент, 05.12.25. /Кабар/. Өзбекстанда Кыргызстандан барган 700гө жакын студент билим алууда. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымат таратты.
Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер арасында Индия биринчи орунда турат — 14 322 адам. Андан соң Түркмөнстан (8 348) жана Тажикстан (2 323) өлкөлөрү орун алат. Эң аз студент жиберген мамлекеттер катары Россия (158), Улуу Британия (153), Иордания (175) жана Афганистан (280) көрсөтүлдү.
Ошондой эле Өзбекстанда Пакистандан (1 620), Кытайдан (1 254), Түштүк Кореядан (806), Кыргызстандан (696), Египеттен (498), Филиппиндерден (461), АКШдан (429) жана Түркиядан (333) келген студенттер да билим алып жатканы айтылат.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылдын январь–октябрь айларында Өзбекстанга билим алуу максатында жалпы 33 287 чет өлкөлүк жаран келген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 307 адамга көп болуп, өсүү темпи 51,5%ды түздү.