Ташкент, 17.10.25. /Кабар/. Өзбекстанда айдоочуларды даярдоочу мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө электрондук күбөлүк берүү системасы киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги маалымдады.
Эми мындай күбөлүктөр айдоочулук мектепти бүтүргөндөргө гана эмес, кайра даярдоо курсунан өткөн жарандарга да берилет.
Документтер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын атайын санариптик системасы аркылуу бекер түрдө даярдалып, айдоочулук экзамен өткөргөн уюмдардын маалымат базасына автоматтык түрдө жүктөлөт.
Жаңы система жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга, айдоочулук окутуу жана сынак өткөрүү жараянын ачык жана санарип форматка өткөрүүгө багытталган.