Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. 27-июнда Таш-Көмүр шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн "Шахтер" стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, 1963-жылы курулган бул спорттук объект тарыхында биринчи жолу толук жаңыланып, табигый чөптүү аянт, жаңы жарыктандыруу системасы, медиа борбор жана заманбап кийим алмаштыруучу бөлмөлөр менен камсыздалды.
Майрамдык иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерти жана саат 20:00дө баштала турган "Шахтер" жана "Базар-Коргон" клубдарынын ортосундагы жолдоштук беттеш менен коштолот.