Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Быйыл чыгарылган окуу китептеринде мазмундук каталар жок. Бул тууралуу “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кээ бир техникалык каталар болушу мүмкүн, бирок мазмундук ката таптакыр кездешпейт.
“Негизи, китепте эки түрдүү гана ката болот. Мазмундук же техникалык. Биз чыгарган китептерде мазмундук ката жок. Техникалык жактан, кээде тамгалар түшүп же ашыкча жазылып калуусу ыктымал. Кээ бир учурда китепти башка программмага окутканда программа “а” тамгасын “о” деп окуп алышы мүмкүн. Мындай учурларды кийинки тираждарда оңдоп жатабыз”, – деди Аматов.
Ал кошумчалагандай, мындай каталарды азайтуу үчүн басма үй учурда лицензияланган программаларды жана жаңы компьютердик жабдууларды сатып алып жатат.