Жаңы окуу жылына карата канча окуу китеп басылып чыкты?

Билим Загрузка... 26 Август 2025 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуучу үчүн окуу китеби жана жумушчу дептер, мугалим үчүн – методикалык колдонмо басылып чыгууда.

WhatsApp Image 2025-08-26 at 13.13.01.jpeg

Бүгүнкү күндө Агартуу министрлиги “Учкун” ААК менен жалпысынан 571,9 млн сомго 3 198 650 нускада окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга контракттарды түздү (2023-2024-жылдары 1 490 786 нускада окуу китептери даярдалган). Бул сумманын ичинен бүгүнкү күндө англис тили предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты. Анын ичинде:

- 3-класстар үчүн – 148 830 нуска;

- 4-класстар үчүн – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасы Улуу Британиянын элчилигинин финансылык колдоосу менен жарык көрдү);

- 5-класстар үчүн – 305 010 нуска;

- 6-класстар үчүн – 299 850 нуска;

- 7-класстар үчүн – 288 750 нуска;

- 8-класстар үчүн – 282 050 нуска;

- 9-класстар үчүн – 270 730 нуска.

Ошондой эле 1, 2-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 281 080 нускада басылып чыгууда. Анын ичинде:

- 1-класстар үчүн математика – 295 880 нуска;

- 2-класстар үчүн математика – 344 660 нуска;

- 1-класстар үчүн табият таануу – 295 880 нуска;

- 2-класстар үчүн табият таануу – 344 660 нуска;

5, 7-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча адаптацияланган окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле 1-класстар үчүн наристе, алиппе окуу китеби басууга даярдалууда.

Кыргызстан менен Россиянын жумушчу тобу адаптациялаган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Россияда басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында мектептерге жеткирилет.