Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандар үчүн жайкы ысыктан коргонуу боюнча сунуштарды даярдады.
Борбордон белгилешкендей, абанын температурасынын ашыкча көтөрүлүшү адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасынын абалына терс таасирин тийгизет. Организм жогорку температурага кан тамырларды кеңейтүү менен реакция жасайт, натыйжада кан басымы төмөндөйт. Мындан улам, жүрөк кан айланууну нормалдуу сактап калуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт.
Жайдын ысык күндөрүндө организмдин суусуздануусун, ошондой эле ысык урууну жана күн өтүүнү алдын алуу үчүн күндүн астында узак убакыт жүрүү сунушталбайт.
Ысык уруу – бул дененин ашыкча ысып кетүүсүнөн улам келип чыккан курч оорулуу абал. Ысык уруу жогорку температура шарттарында, мисалы, мончодо, сырттан аба кирбеген думуккан бөлмөдө же тыгында турган унаанын ичинде болушу мүмкүн.
Күн өтүү – бул ысык таасиринин бир түрү. Ысык уруудан айырмаланып, күн өтүү күндүн астында көпкө туруудан жана күн нурларынын башка түз тийүүсүнөн улам дененин ашыкча ысып кетүүсүнөн келип чыгат.
Төмөнкү шарттарда күн өтүү коркунучу жогорулайт:
- күндүн нуру баш кийимсиз башка түз тийгенде;
- аба ырайында нымдуулук жогору болгондо;
- гипертония (кан басымынын жогору болушу), вегетососудистая дистония, эндокриндик бузулуулар, жүрөк кемтиги сыяктуу ден соолукта көйгөйлөр болгондо;
- жашка байланыштуу тобокелдиктер: 1 жашка чейинки балдар, өзгөчө жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кары-картаңдар. Жаш балдар менен карыларда күн өтүү ыктымалдыгы жогору, анткени наристелердин организминде табигый терморегуляция (дене температурасын тең салмактоо) али жетиле элек, ал эми кары адамдарда ал начар иштейт;
- ашыкча салмак, семирүү;
- алкоголдук мас болуу;
- түтүн тартуу (чылым чегүү).
Белгилери
Ысык уруунун кесепетинен дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш оору, баш айлануу, кускусу келүү, кусуу байкалат, адамдын жалпы абалы начарлап, дене табы +40…+41 градуска чейин көтөрүлүп, дем алуусу тездейт.
Күн өткөндө да баш оору, кускусу келүү, жалпы алсыздык, ошондой эле дем алуу менен пульстун тездеши, көздүн карегинин кеңейиши жана мурундан кан агуу байкалат.
Дарыгерлер ысык уруунун жана күн өтүүнүн симптомдорун оордугуна жараша үч баскычка бөлүшөт. Үчүнчү баскычта жөөлүү, галлюцинация, калтыроо жана эс-учун жоготуу пайда болушу мүмкүн.
Ысыктын кооптуулугу
Адаттан тыш жогорку температурада өнөкөт жугуштуу эмес оорулар курчуп, инфаркт жана башка татаалдашуулардын учурлары көбөйөт.
Ысык уруу тез жана байкалбай калышы мүмкүн:
- чоңдор 15-20 минута түз тийген күн нурунун астында турса;
- 3 жашка чейинки балдар үчүн 10 мүнөттө эле ысык уруп коюшу мүмкүн. Ал эми унаанын ичиндеги желдетилбеген, думуккан салондо бир мүнөткө калуу да өмүргө өлүм коркунучун жаратышы мүмкүн.
Ысык ошондой эле адамдын психикасына жана жүрүм-турумуна да таасирин тийгизет:
- адамдар агрессивдүү болуп калышат, бул чыр-чатактардын, кылмыштардын жана жол кырсыктарынын өсүшүнө алып келет.
- концентрация азаят, бул жумуш ордундагы жаракат алуулардын санынын көбөйүшүнө алып келет.
Үйлөр жыш салынган жана көп кабаттуу имараттары бар мегаполистерде абанын температурасы шаар четине караганда орточо эсеп менен 5-10 °C жогору болот. Шаарларда күндүз ысык болсо, түнкүсүн жогорку нымдуулуктан улам салкындабайт.
Бул организмдин калыбына келишине тоскоолдук кылып, чарчоонун топтолушун шарттайт. Мындай абал өзгөчө кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары курчуп кетиши мүмкүн болгон кары-картаңдар үчүн кооптуу.
Ысыктан коргонуу боюнча сунуштар
Адистер ысык урууну же күн өтүүнү алдын алуу үчүн аномалдуу ысыкта өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча жөнөкөй, бирок натыйжалуу кеңештерди чогултушту:
- Күн катуу ысыган убакта (саат 11ден 16-17ге чейин) сыртта болуу убактысын кыскартууга аракет кылыңыз. Эгерде бул убакта көчөгө чыгуу зарыл болсо, көлөкөдө жүрүүгө тырышыңыз.
- Мүмкүнчүлүккө жараша, эл көп убакта коомдук транспортту колдонбоого аракет кылыңыз. Эгерде бул кыйын болсо, анда адам азыраак транспортту тандаңыз. Жолдо бара жатканда дененин ачык жерлерин нымдуу салфетка/жоолук менен сүртүп, суу ичип туруңуз.
- Ылайыктуу кийим кийиңиз: денеге жабышпаган, ачык түстөгү, жеңил жана кенен кийимдерди тандаңыз.
- Бетти жана башты салкын суу менен чайкап, кол чатыр менен коргонсо болот.
- Суюктукту жетиштүү өлчөмдө ичиңиз: жаныңызга суу алып жүрүңүз жана аны күн бою аз-аздан ууртап ичиңиз.
- Лимфа бездеринин, мурун-кулактын же башка органдардын сезгенишин шарттабаш үчүн өтө муздак суусундуктардан качыңыз.
- Бөлмө температурасындагы суусундуктар, анын ичинде кургатылган жемиштерден жасалган компот (сахшар), суюлтулган жашыл чай сунушталат. Алкоголь, кофе жана какаону колдонуудан баш тартыңыз, анткени алар суусузданууну күчөтөт.
- Суу балансын сактаңыз: интенсивдүү жылуулук алмашуу (тердөө жана дем алуу аркылуу) организмден нымдуулукту чыгарат, андыктан анын тартыштыгын өз убагында толуктоо маанилүү. Туура жылуулук алмашууну камсыз кылуу жана организмдеги суюктукту өз убагында толуктоо ысыкты жеңүүгө жардам берет.
Тамактануу боюнча сунуштар
Жайында жогорку температурадан улам организм стресске кабылат: тер бездери аркылуу маанилүү микроэлементтер активдүү жоголот, жүрөк-кан тамыр системасына жана бөйрөккө күч келет.
Төмөнкүдөй тамактануу аркылуу организмди колдоого болору айтылды:
- Организмдеги суюктуктун запасын өз убагында толуктап туруңуз.
- Суткасына 2-2,5 литр суу ичүү сунушталат. Бул жалбыз же бал кошулган жылуу чай болушу мүмкүн. Эң туура тандоо — суу; эртең мененки күнүңүздү ач карын бир стакан суу ичүү менен баштаңыз. Газдалган суусундуктардан баш тартыңыз, алар абдан зыяндуу жана чаңкоону кандырбайт. Ичимдик ичүүдөн баш тартыңыз.
- Жайында тамактануунун негизги рациону жаңы жашылчалар жана жемиштер болушу керек. Алар организмдин витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга болгон муктаждыгын толуктайт. Курч ичеги инфекцияларын алдын алуу үчүн бардык жашылча-жемиштерди агын суу астында жакшылап жууңуз.
- Жайкы рацион үчүн салат – эң сонун тамак, аны жакшы сиңирүү үчүн өсүмдүк майы же майлуу эмес каймак менен аралаштырыңыз. Жашылчаларды, жалбырактуу жашылчаларды жана чөптөрдү унутпаңыз.
- Күн сайын йогурт, кефир, быштак, айран сыяктуу кычкыл сүт азыктарын колдонуңуз.
- Жайкы убакта тузду колдонууну чектөө зарыл.
- Жайында катуу ысыктан улам физикалык активдүүлүк төмөндөйт, демек, энергия сарптоо азаят. Андыктан майларды колдонууну азайтуу керек. Калориянын көбү эртең мененки тамакка туура келиши керек, ал эми кечки тамак азыраак калориялуу болушу зарыл.
Биринчи жардам
Күн өткөндө жана ысык урганда эки учурда тең биринчи жардам көрсөтүү бирдей. Алгачкы белгилер пайда болгондо тез чара көрүү зарыл:
- Жабыркаган адамды токтоосуз таза абага, сөзсүз түрдө көлөкөгө алып чыгуу же салкын, жакшы желдетилген бөлмөгө киргизүү, башын өйдөрөөк кылып жаткыруу, кийимин жеңилдетүү, эң жакшысы белге чейин чечинтүү керек.
- Башына муздак компресс коюп, денесине салкын суу чачуу зарыл. Эгерде адам эсинде болсо, салкын суу ичирүү керек. Эгерде эс-учун жоготсо, нашатырь спиртин жыттатууга болот. Жана сөзсүз түрдө 103 номери аркылуу тез жардам чакыруу зарыл.
Эгерде сизге же башка адамга транспортто бара жатканда абал начарлап кетсе (баш айлануу, алсыздык, көздүн караңгылашы, кускусу келүү, аба жетпей жаткандай сезилүү):
- көлөкөгө же салкын жерге чыгыңыз (мүмкүнчүлүк болсо);
- отуруңуз же жарым-жартылай жатыңыз;
- таза абанын кирүүсүн камсыз кылыңыз;
- салкын сууну аз-аздан ууртап ичиңиз.
Абал начарлап кеткен учурда 103 номери боюнча тез жардам чакыруу зарыл.