Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын 16-ноябрда Өзбекстандын баш калаасында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VII консультативдик жолугушуусунда кол коюлушу пландалган күн тартибин жана акыркы документтерди талкуулоо максатында уюштурулат.