Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 23-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Талас облусунда +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +22...+27 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градусту көрсөтөт.