Ачык кабинет: Амангелдиев "Sun Planet Organic" компаниясынын иши менен таанышты

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында "Sun Planet Organic" компаниясынын Чүй облусунун Маловодное айылында ачыла турган филиалына келди.

Компания мөмө-жемиштерди кайра иштетүү же сублимациялоо менен алектенип, ошондой эле бал жана жаңгак азыктарын өндүрөт. Ишкананын продукциялары эл аралык сапат стандарттарына толук жооп берип, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга экспорттолууда.

Орун басардын айтымында, быйыл ишке ашырыла турган 119 ишкананын арасында потенциалы жогору деп бааланган "Sun Planet Organic" компаниясы да бар.

“Кыргыз өкмөтүнүн башкы максаттарынын бири — калкты, анын ичинде ишкерлерди колдоого өзгөчө көңүл буруу. Бул ишканага да ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат. Жакынкы күндөрү ишкананын жаңы имараты пайдаланууга берилип, расмий ачылыш аземи өткөрүлөт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн минкаб жетекчисинин орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда объектилерди кыдырууда. Алдыда ал бир күндүк иш күнүн тааныштыруу менен дагы жыйындарды өткөрөт.