Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Быйыл жыл аягына чейин Ош облусунда 19 ишкананы ишке киргизүү каралган. Бул тууралуу облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.
Облус башчысы белгилегендей, август-сентябрь айларында он чакты ишкана ачылат.
Ал эми жыл соңуна чейин 9 ишкана ишке берилет.
“Араван районунда өндүрүш аймагы түзүлгөн. Быйылкы жылы ал жерде 9 ишкана ишин баштады. Былтыр облуста 17 миңдей жумуш орундары түзүлгөн. Быйыл да былтыркыдан кем эмес, 17-20 миңдей орун ачсак деген пландар бар”, - деди Аманкан Кенжебаев.