Ачык кабинет: Данияр Амангелдиев “Tulpar Motors” автоунаа заводуна барды

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Tulpar Motors” ата мекендик унаазаводуна барып, компаниянын иши менен жеринде таанышты.

Анын айтымында, аталган ишкана мамлекет менен жеке сектордун ийгиликтүү өнөктөштүгүнүн мыкты үлгүсү болуп саналат.

“Tulpar Motors” ата мекендик автозаводу — мамлекет менен ишкерлердин кызматташуусунун негизинде ишке ашырылып жаткан ири долбоор болуп саналат. Бул демилге 2023-жылы өлкөдө унаа өндүрүшүн өнүктүрүү максаты менен башталган. Учурда заводдо Chevrolet үлгүсүндөгү бир катар автоунаалар чогултулуп жатат.

Долбоорду ишке ашырууда мамлекет тарабынан кеңири колдоо көрсөтүлгөн. Атап айтканда, жер тилкесин трансформациялоо, уруксат берүүчү документтерди даярдоо, сертификация маселелери чечилип, каржылык жардам дагы берилген. Мындан тышкары, автолизинг программасы аркылуу жарандардын унаа сатып алуусун жеңилдетүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөн. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерге ушул компаниянын автоунаалары тапшырылып жатканы маалым.

Эң негизгиси — мамлекет менен жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы натыйжалуу кызматташтык жана анын жакшы үлгүсү түзүлүп жатат. Завод мамлекет тарабынан толук колдоого алынып, өнөктөштөр дагы өз милдеттерин өз убагында аткарып келишүүдө”,-деди Амангелдиев.

Белгилей кетсек, завод негизделгенден бери 3937 автоунаа чыгарган. Компания Captiva, Tracker, Onix, Cobalt, Damas, Labo жана Tahoe үлгүсүндөгү унааларды чыгарып келет. Андан сырткары, жол тандабас, жүк ташуучу унаалары да чыгарылып келет.

Эскерте кетсек, бүгүн минкаб жетекчисинин орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда объектилерди кыдырууда. Алдыда дагы жыйындарды өткөрөт.