Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Ош шаарынын кире беришиндеги жол төрт тилкелүү болуп салынат. Бул тууралуу облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, курулуш долбоору быйылкы жылдын иш планына киргизилди. Жол салуу иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзөт.
“Төрт тилкелүү жол быйыл салынып бүтөт. Муну менен шаардын кире беришиндеги унаа тыгыны көйгөйүн чечүүгө аракет жасайбыз. Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө иштердин баарын бир убакта кыла албайбыз. Былтыр негизи план боюнча Ош облусунда 315 чакырым жол асфальтталмак. Бирок ашыгы менен 450 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Быйыл да жол маселеси каралууда. Болжол менен 400 чакырымдай жол асфальтталат деп турабыз”, - деп белгиледи облус жетекчиси.