Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 10 гектар аянтты ээлеген ири сейил бактын курулушу уланууда.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда курулуш иштеринин 80 пайыздан ашыгы аяктады. Аянттын дээрлик 1 гектары гүл бакча болот. Бул жерге жергиликтүү климатка ыңгайлашкан өзгөчө гүлдөрдүн 40 миңден ашык түрү тигилүүдө.
Ошондой эле жарандар үчүн воркаут зонасы, жөө басуу жана велосипед жолдору, балдар жана карылар үчүн аянтчалар каралган.
Сейил бак Ак-Буура дарыясы менен Жекелик каналынын кесилишинде жайгашкан. Ал Н.Исанов көчөсүнөн баштап С.Бахапова көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт.