Көпүрөнү сел алып, Кара-Кече кенине барчу жол толугу менен жабылды

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 11:50
358f0018-e84c-488d-9d44-e2a2a3a7c568.jpg.850x445_q82_crop.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, табигый кырсыктын айынан аталган каттамдын 30-32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келген.

Натыйжада Кара-Кече көмүр кенине алып баруучу жолдо бардыкунаа кыймылы токтотулду.

"Кыргызкөмүр" ишканасы бардык жүк ташуучу жана жеңил унаалардын ээлерин, көмүр ташуучуларды, ишкерлерди жана жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече багытына каттабай турууга чакырат.